1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

9

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, Физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(И)-1-22, ФМББ(Ф)-1-22 тайпалары жана үзгүлтүксүз билим берүү инстутунун Ис-1-21 тайпасынын студентери кесиптик-профилдик практикасын белгиленген мөөнөтүндө ийгиликтүү аякташты.    Практика учурунда студенттер теориялык билимин бекемдеп, практика талап кылган негизги көндүмдөрдү өздөштүрө алышты. Ырааттуу, жоопкерчиликтүү жана активдүү иш алып барышып, берилген тапшырмаларды сапаттуу аткарышып, кесиптик ишмердүүлүккө болгон көндүмдөрүн калыптандырышты.   Учурундагы топтолгон бул маанилүү тажрыйба студенттердин мындан аркы кесиптик өнүгүүсүнө, педагогикалык чеберчилигин калыптандырууга жана билим берүү тармагында өз ордун табуусуна олуттуу негиз болот деп ишенебиз.