1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

79

ДУАЛДЫК ОКУУ- БУЛ СТУДЕНТТЕРГЕ ТЕОРИЯЛЫК БИЛИМДИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНДА ӨЗДӨШТҮРҮҮ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин физика-математикалык билим берүү багытынын “Информатика” профилинин студенти Николаев Тимур учурда дуалдык окутуу системасынын алкагында өндүрүштүк тажрыйбасын өтүп жатат. Ал өзүнүн практикалык ишин ЖАМУнун инновациялык мектебинде жүргүзүүдө. Дуалдык окутуу — бул студенттерге теориялык билимди жогорку окуу жайында өздөштүрүү менен катар, ошол эле учурда билим алган тармак боюнча иш жүзүндө тажрыйба топтоого шарт түзгөн заманбап окутуу формасы. Бул система студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, билим берүү процессин эмгек рыногунун талабына жакындатат.Николаев Тимур өзүнүн тажрыйбасынын жүрүшүндө информатика сабагынан окуучуларга заманбап билим берүү методдорун колдонуп сабак өтүүдө. Ал сабактарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү пайдаланат: интерактивдүү презентациялар, программалоо боюнча практикалык тапшырмалар, жана электрондук ресурстар аркылуу окутууну уюштурат.Мындан тышкары, студент окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган инновациялык ыкмаларды колдонуп, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, алгоритмдик түшүнүктөрүн жана маалымат менен иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга өз салымын кошууда. Дуалдык окутуунун алкагындагы бул тажрыйба Николаев Тимур үчүн чоң мааниге ээ, анткени ал реалдуу мектеп чөйрөсүндө мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүн өз көзү менен көрүп, окуу процессин уюштуруудагы жоопкерчилик, дисциплина жана чыгармачылык мамилени терең өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Натыйжада студент теориялык билимин практика менен айкалыштырып, келечекте жогорку деңгээлдеги квалификациялуу информатика мугалими болууга кадам таштап жатат.