1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара Ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын информатика профили боюнча билим алып жаткан 1- жана 3-курсунун жана физика профилинин 4-курстарынын студенттери өз демилгелери менен тарбиялык мааниге ээ иш-чара уюштурушту.Иш-чаранын негизги максаты — ата-бабалардын элге, жерге, эркиндикке болгон сүйүүсүн даңазалоо, алардын эл биримдиги жана мекенчилдик мурасын азыркы муунга үлгү катары көрсөтүү болду.Студенттер иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуу тарыхый инсандары тууралуу маалыматтарды сунуштап, алардын эрдигин жана акылмандыгын эскеришти. Өзгөчө кызыктуу учур катары жасалма интеллекттин жардамы менен тарыхый инсандарды “сүйлөтүү” долбоору көрсөтүлдү. Бул ыкма билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу менен өткөндү жаңыча түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.Ошондой эле иш-чарада “Унгу жол” темасы өзгөчө белгиленип, ата-бабалар салган ыйык жол — биримдик, эрдик жана руханий тазалык жолунун бүгүнкү жаштар үчүн мааниси тууралуу талкуу жүрдү. Ушул теманын негизинде студенттердин ойлору, чыгармачыл көргөзмөлөрү тартууланды.Бул иш-чара студенттердин тарыхый мурастарга болгон кызыгуусун арттырып, улуттук баалуулуктарды жаңыча формада даңазалоонун жаркын үлгүсү болду.