- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!

ФМББ(И)-1-23, ФИ-1-24 тайпаларыа “9-май Улуу Жениш күнү” , “5-май Конституция күнү”, "Биринчи Май - тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу” деген темада кураторлору Мажиева Дарья, Санжарбек кызы Канайым тарбиялык саат өтүштүү. Мындан 80-жыл мурда СССР элдеринин жалпы биримдиги менен фашисттик Германияны жеңип, Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңиши орногон.
Кураторлор: Бул майрам биз үчүн түбөлүккө даңктуу майрам болуп кала берет. Урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк! Ар бир жылы кутман ардагерлерибиз да азайып жок болуп жаратат. Бирок алардын эрдигин биз эч качан унутпашыбыз керек. Ал эми 5-май Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Куратор алдыда келе жаткан 5-май Конституция күнү менен студенттерди куттуктап, “ Баарыбыз мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезе билишибиз керек” деп эскертип кетти .
Тайпаларга "Биринчи Май - тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу” деген темада тарбиялык саатта тынчтык менен эмгек - ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт экени куратор Д.Т.Мажиева тарабынан айтылып, Эмгек – ар кандай дарттын дабасы, эмгектен өткөн ырыс жок деген макалдар менен жыйынтыкталды.
Өлкөбүздүн тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!