- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин “Физика жана информатика” кафедрасында ФМББ(И)маг-1-23, ФМББ(Ф)маг-1-23 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 24-мартынан 26-апрелине чейин илимий-изилдөө практикасын өтөп келишти. Аталган практика боюнча жыйынтыктоочу конференция 14-майда болуп өттү.
Конференция учурунда магистранттар илимий-изилдөө практикасынын максаттарына ылайык жүргүзүлгөн иштери тууралуу кыскача баяндамалар менен чыгышты. Ар бир магистрант өзүнүн изилдөө багыты боюнча аткарган иштерин, магистрдик диссертациясынын мазмунуна байланыштуу негизги аспектилерди чагылдырды.
Илимий-практикалык конференцияларда жасалган докладдар, илимий макалалардын басмага сунушталышы жана алынган жыйынтыктар кеңири талкууланып, магистранттардын практиканын жүрүшүндө жетишкен ийгиликтери да белгиленди.
Бул жыйынтыктоочу этап магистранттар үчүн диссертациялык иштерин соңуна чыгарууга жана өз илимий позициясын чыңдоого ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болду.
Конференциянын алкагында магистрдик диссертациялардын мазмуну, түзүлүшү жана коргоого даярдык маселелери жетекчилер тарабынан терең талкууланып, магистранттар менен пикир алмашуу жүрдү. Бул баарлашуу диссертацияны ийгиликтүү коргоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калды.