1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Имаг-1-24 тайпасынын магистранттары окуу процессинин графигине ылайык, башкаруу практикасынын 14.05.2025 күнү конференциясы болуп өттү.

Ар бир магистрант практика өтөгөн билим берүү мекемесинин башкаруу системасына жана ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, өз байкоолору менен бөлүшүп, кесиптик көз караштарын ортого салышты. Алар ошондой эле билим берүү уюмдарынын ар кандай көрсөткүчтөрүн, мисалы, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын, олимпиадаларга катышуу деңгээлин, мугалимдердин "Жыл мугалими" конкурсундагы ийгиликтерин, ошондой эле PISAга даярдыктын жүрүшүн талдап чыгышты. Бул талдоолор диаграммалар жана таблицалар менен коштолуп, конструктивдүү талкууларга жол ачты.

Магистранттар бул практика кесиптик өнүгүүсүнө жана теория менен практиканы айкалыштыруу жөндөмүнө чоң түрткү болгонун белгилешти. Жыйынтыктоочу конференция тажрыйба алмашуунун аянтчасына айланып, магистранттар үчүн баалуу жана маанилүү кадам болду.