- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Болочок адисти даярдоодо бирге аракеттенүү — билимге болгон жолду бекемдейт

29.04.2025. күнү физика жана информатика кафедрасында " Болочок адисти даярдоодо бирге аракеттенүү — билимге болгон жолду бекемдейт" аталышындагы ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйналышка ФМББ(ФИ)-1-24 тайпасынын студенттери, ата-энелер жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамы катышышты. Ата-энелер үчүн Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окуу-техникалык базасы кафедра башчы п.и.к., доцент Р.С.Нусупова жана куратор Санжарбек к Канайым тарабынан тааныштырылды. Ата -энелер ЖАМУ да түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр: студенттердин тил үйрөнүү багытындагы кытай, англис тил курстары, бизнес идеяларды ишке ашыруу боюнча Бизнес- инкубатор борборунун ишмердүүлүгү, тышкы байланыштар бөлүмүнүн академиялык -мобилдүүлүк жөнүндө, китепкана маалымат борбору жана студенттердин ашканасы менен таанышышып, кеңири маалымат алышты. Окуу кааналарын, лабораториялар боюнча маалымат алышты. Андан кийин кафедранын окутуучулары менен жолугушуп, окуу процессинин уюштурулушу, университет менен байланышуу жолдору боюнча маалымат алышты. Куратору Санжарбек к Канайым АВН порталынын мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялап берди. Жакында болуп өткөн аймактар.аралык олимпиадада физика, информатика предмети боюнча жетишкен ийгиликтери менен жана окуудагы жана коомдук иштерге активдүү катышкан физика жана информатика кафедрасынын студенттери үч жыл катарынан президенттик стипендияга жетишкен ийгиликтери боюнча да маалымат берилди. Ошону менен катар студенттердин академиялык мобилдүүлүкко баруунун шарттары боюнча ата-энелерге маалымат берилип жана мобилдүүлүккө барууну каалаган студенттер боюнча сунуштар берилди. Ата-энелер балдарынын жогорку деңгээлде билим алып жатканына ынаанышып, профессордук- окутуучулук курамга жана университеттин жамааттына ыраазычылык билдиришти.