1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

24

1

ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ҮГҮТТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

2025-жылы 23-апрель, 25-апрель күндөрү Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин, физика жана информатика кафедрасынын профессордук – окутуучулук курамы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун №6 Б.Осмонов, №5 Т.Сатылганов жалпы билим берүүчү орто мектебине, Ж.Бөкөнбаев жатак мектептерине, Сузак районунун №10 Т.Кошматов мектеп гимназиясына, №9 И.В.Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү мектебине, №27 Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине барышып, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуп, профориентациялык үгүт иштерин жүргүзүп келишти. Кафедра башчы п.и.к., доцент Р.С. Нусупова физика – математикалык билим берүү (профиль информатика жана физика) багыты менен окуган студенттердин жетишкендиктерин баса белгилеп, азыркы заман талабына ылайык кесип экендигин айтып өттү. Жалпы тестирлөөдөн өткөн абитуриенттерге тандаган багыт боюнча ЖАМУнун ушул багыттагы адистигине тапшыруу сунушталды.