1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

68

1

Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен ЖОЖдун кызматташуусу: Инновациялар жана карьера үчүн жаңы жолдор

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин, физика жана информатика кафедрасында Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун, Ноокен, Таш-Көмүр шаарынан келген мектептердин директорлору, окуу иштери боюнча орун басарлары, физика жана информатика предметинин мугалимдеринин катышуусунда  иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен “Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен ЖОЖдун кызматташуусу: Инновациялар жана карьера үчүн жаңы жолдор” аталыштагы конференция уюштурулду.

Конференцияны кафедра башчы п.и.к, доцент Р.С.Нусупова ачып, конференциянын максаты менен тааныштырып, заманбап билим берүүнүн сапатын жакшыртууда иш берүүчүлөр, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын  ортосунда болочок адисти даярдоо багытындагы  көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү боюнча ,НББПга сунуштарды берүүгө багыттала тургандыгын айтып, конференциянын катышуучуларына биргелешкен кызматташтытка ийгиликтерди каалады.

Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин деканы ф.и.д. профессору Токоева Г.С. сөзгө чыгып, иш берүүчүлөр жанан бүтүрүүчүлөргө эң актуалдуу теманы козгоп жатканын, бул жерде ар бир катышуучунун оюу маанилүү экенин айтып, мындан ары бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иштешүү өз ишмердүүлүгүн улантарын айтып баардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Кафедранын кафедра башчысы п.и.к., доцент Нусупова Р.С. "Өлкөдөгү 12-жылдык билим берүүдө ЖОЖдун орду "деген темада доклад жасап, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. "Билим берүү программаларын интеграциялоо " деген темада кафедранын доцент м.а.-т.и.к. Осмонова Н.Т. өзүнүн докладын жасады. Андан соң “Физика жана информатика профилинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгынын сапаты” аттуу темада иш берүүчүлөр менен талкуу болду жана негизги билим берүү программаларына өз сунуштарын беришти. Ал эми бүтүрүүчүлөр бул иш чарада ЖОЖдо алган билимим практикада деген темада ой бөлүшүштүү. 

 Талкуу учурунда иш берүүчү, эксперт жана бүтүрүүчүлөр бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу планын, НББП, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулашты. Бардык катышуучулар конференцияга активдүү катышып, суроо-жооптор талкууланып, ыраазычылык каттар тапшырылды.