1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

63

1

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

2024-2025-окуу жылындагы окуу графигине ылайык Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(Ф)-1-21 жана ФМББ(И)-1-21 тайпаларына кесиптик-профилдик практикага жөнөтүү алдындагы уюштуруу конференциясы 03.04.2025. күнү болуп өттү. Конферецияда кафедранын практика боюнча жетекчиси Р.А.Төрөгулова кесиптик-профилдик практиканын максаттарын, милдеттери жана жол карталары жана алар менен иштөөнүн эрежелерин түшүндүрүп берди. Физика жана информатика кафедрасынын улуу окутуучусу Идрисова Г, Мурзалиев К, окутуучу Ботоева Д, лаборант Санжарбек кызы Канайым катышып, практика учурундагы айрым проблемалар жана аларды алгылыктуу чечүүнүн жолдору боюнча, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана алдыдагы кесиптик- профилдик практиканы ийгиликтүү өтөп келүүсүнө ишеним көрсөтүштү.