- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
STEM билим берүү боюнча семинар

2025-жылдын 2-апрелинде Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамына, студенттерге физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы, п.и.к., доцент Нусупова Роза Сарыпбековна "STEM технологиялары билим берүүдө" аталышында семинар өттү. Семинарды факультеттин деканы философия илимдеринин доктору Токоева Г.С. ачып, STEM билим берүүнүн бүгүнкү күндө билим берүүдөгү орду, анын практикада колдонуу зарылдыгын белгилеп өттү. Семинарда бүгүнкү күндө билим берүүгө коюлуп жаткан талаптар, туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты, сапаттуу билим берүү максаты, 21-кылымдын көндүмдөрүн калыптандыруу маселелери, STEM билим берүү деген эмне, түрлөрү, бул технологияларды сабактарда колдонуу боюнча кенири сөз болуп, талкууланды. Семинардын катышуучулары семинардын алкагында практикалык тапшырмаларды аткарышып, тажрыйба жана аталган багытта өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышты. Семинар пайдалуу жана кызыктуу болгондугун айтышып, ыраазычылык билдиришти.