- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Магистранттар илимий-изилдөө практикасына жөнөтүлдү

Окуу процессинин графигине ылайык 2025-жылдын 24-мартынан 26-апрелине чейинки аралыкта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика багытындагы ФМББ(И)маг-1-23, ФМББ(Ф)маг-1-23 тайпаларынын магистранттары илимий-изилдөө практикасына жөнөтүлдү. Практиканын алдында аларга атайын конференция уюштурулуп, кафедранын практика боюнча жооптуу ага окутуучусу Р.А.Төрөгулова илимий-изилдөө практикасынын максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат берип, мурдагы практикалардын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн логикалык уландысы катары анын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле магистранттарга практиканы натыйжалуу өтөөгө көмөктөшүүчү жол картасы сунушталып, практика учурунда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, практика учурунда жүргүзүлгөн иш-аракеттерди туура жана так чагылдыруу максатында атайын иштелип чыккан күндөлүккө маалыматтарды киргизүү тартиби боюнча көрсөтмөлөр берилди