1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

109

1

Практика болочок мугалимге жол көрсөтөт

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика профилинин И-1-22, Ф-1-22 тайпасынын студентери окуу планына ылайык 2025-жылдын 17-февралынан 21-мартка чейин кесиптик-базалык практиканы ийгиликтүү аякташты. 26.03.2025 жылы жыйынтыктоочу конференция болуп студенттер практиканын жүрүшү боюнча отчетторун тапшырышып, тиешелүү бааларга ээ болушту.

Конференцияга ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.Жолдошалиева физика жана информатика кафедрасынын башчысы Р.С. Нусупова практика боюнча жооптуу Төрөгулова Рысбү, Ажикулова Үрүкан, практика жетекчилери Мырзахмедова Айнура, Жолонбаева Айжамал, Ботоева Дамира, Осмонова Нулгүл катышышып ой-пикир, сунуштарын айтышты.

Ошондой эле И-1-23, Фк-1-23 тайпасынын студенттери 31-марттан, 19-апрелге чейин адаптациялык-педагогикалык практикага жөнөтүү алдындагы конференция болуп өттү. Аларга практиканын максаты туралуу кыскача түшүнүк берилип, кафедранын практика боюнча жооптуу улуу октуучулар Төрөгулова Рысбү, Ажикулова Үрүкан жол картасы боюнча маалымат берип,  ар бир студентке жолдомолор берилди.