- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот
1-октябрь "Карылар күнүнө" карата физика жана информатика кафедрасынын студенттери жана мугалимдери шаарыбыздын улгайган адамдарынан кабар алып, белектерин берип келишти.
Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен. “Карынын кебин капка сал”, “Карынын сөзү - жамак, жамагы жашоого - сабак”, “Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот” деген макалдарыбыз буга таасын күбө. Ар дайым карыларыбыз ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө беришсин! Бар болуңуздар! - дешет аталган кафедарынын жалпы жатааты жана студенттери.