- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
"Күндүн энергиясын колдонуунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктары"
Б.Осмонов атындагы ЖАМУда жарыяланган Илим айынын алкагында, 2024-жылдын 29-ноябрында физика жана информатика кафедрасынын доценти, п.и.к. Э.К.Молдокеримова "Күндүн энергиясын колдонуунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктары" деген темада семинар өттү.
Семинарда педфактын деканы ф.и.д., профессор Г.С.Токоева, ФжИ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Р.С.Нусупова күндүн энергиясын колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө студенттерге аңгеме куруп беришти. Физика, информатика, энергетика, экономика, биология адистигинин студенттери "Физик-инженерлер", "Экономисттер", "Экологдор" деген топторго бөлүнүп, Күндүн энергиясын электр энергиясына айландыруу, күн панелдерин колдонуунун учурдагы абалы, күн электростанцияларын колдонуунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктары жөнүндө кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды беришти.