1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

213

1

"Кыргыз тили - улуу тил" 

24-сентябрь күнү физика жана информатика адистигинде окуган студенттерге "Кыргыз тили - улуу тил" деген темада куратордук тарбиялык саат уюштурулду.

Иш-чарага кураторлор, кафедранын профессор-окутуучулары катышып, студенттерге кыргыз тилинин улуулугу жөнүндө, кыргыз тилибиздин советтик, эгемендик жылдардагы абалы, келечекте кыргыз тилин байытууну, жайылтууну, колдонууну жөнгө салуу маселелери жөнүндө кызыктуу маалыматтарды беришти.

Ал эми студенттер кыргыз тилине арналган дил баяндарын окуп, ырларды ырдашты, макалдарды, жаңылмачтарды айтышып, буклетке даярдап келген кыргыз улуттук оюндары жөнүндө кызыктуу, учкул сөздөрүбүздү пайдалануу менен баяндамаларды жасашты. Ар бир тил, өз эли үчүн- уулу тил.