1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

86

1

Магистердик диссертацияны алдын ала коргоо

        Физика жана информатика кафедрасында 2024-жылдын 1-июнь күнү 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты информатика профилинин бүтүрүүчү курсунун Имаг-1-22 тайпасынын  студенттеринин магистердик диссертацияларын  алдын ала коргоо  болуп  өттү. 

       Жыйынга  кафедра башчысы  п.и.к., доцент  Р.С.Нусупова ,  кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Магистранттар  жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын презентация түрүндө сунушташты. Жыйындын катышуучулары ар бир  магистердик  ишти талкуулап,  кызыктырган суроолорду берип, кетирилген кемчиликтер боюнча сын пикирлерин айтышты. Бүтүрүүчүлөр үчүн  магистердик ишти коргоого даярданууда мындан аркы зарыл иш аракеттердин багыты айкын болду.