- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Иш берүүчүлөр, предметтик мугалимдер, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү
2024-жылдын 23-майында физика жана информатика кафедрасында Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун, Таш-Көмүр шаарынан мектептердин директорлору, окуу иштери боюнча орун басарлары, физика жана информатика предметинин мугалимдеринин катышуусунда "Болочок адисти даярдоо көйгөйлөрүн чечүүдөгү кызматташтык" аталышындагы конференция болуп өттү.
Конференцияны кафедра башчы п.и.к, доцент Р.С.Нусупова ачып, конференциянын максаты менен тааныштырып, заманбап билим берүүнүн сапатын жакшыртууда иш берүүчүлөр, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда болочок адисти даярдоо багытындагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды берүүгө багыттала тургандыгын айтып, конференциянын катышуучуларына биргелешкен кызматташтытка ийгиликтерди каалады.
Кафедранын улук окутуучусу Р.А.Төрөгулова "Билим берүү мекемелери менен ЖОЖдун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана чыңдоону ишке ашыруунун жолдору "деген темада доклад жасап, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. "Окуудагы заманбап технологиялар жана программалар " деген темада кафедранын улук окутуучулары Д.Т.Мажиева жана Г.И.Идрисова заманбап сабак өтүүдөгү платформаларды колдонуп сабак өтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
Педагогикалык практиканы жүргүзүүдөгү талаптар жана көрсөтмөлөр боюнча ЖОЖдун практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева доклад жасап, суроолорго жооп берди. Мектептеги информатика предметинин окуу программасы, окуу китептери жана аларды окутуудагы технологиялар боюнча Жалал-Абад шаарынын информатика предмети боюнча жетектөөчү адиси Р.Джумабаев доклад жасап, катышуучулар менен биргеликте талкуулар жүргүзүлдү.
Кафедранын улук окутуучусу Ү.М.Ажикулова педагогикалык практиканын жол карталарын жана алар менен иштөөнүн жолдорун көрсөтүп берди. Кафедранын доценти Н.Т.Осмонова магистратурага окуунун өзгөчөлүктөрүн айтып, магистратурага ташырууга үгүттөп кетти.
Талкуу учурунда иш берүүчү, эксперт жана бүтүрүүчүлөр бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу планын, НББП, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулашты. Бардык катышуучулар конференцияга активдүү катышып, суроо-жооптор талкууланып, ыраазычылык каттар тапшырылды.