1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

274

1

"МЫКТЫ СТУДЕНТ-2024" СЫНАГЫ

2024-жылдын 17-майында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ФМББ багытынын физика жана информатика профилдеринин 2-3-4 курстардын арасында “Мыкты студент -2024” сынагы болуп өттү. Бул сынакка Алмазбек кызы Кундуз    И-1-21  тайпасы,   Эмилбекова Сайкал    И-1-21, Исабеков Кубаныч   И-1-22, Рахимова Тургунай  Ф-1-21, Кумарбек уулу Актилек  Ф-1-21  тайпаларынын студенттери катышышты. Сынакка Физика жана информатика кафедрасынын башчысы Нусупова Роза, Идрисова гулбарчын, Токторбаева Акылайым, жана Абибиллаев Жунай, Каныбек кызы Бегимай И-1-20 тайпасынын студенттери  калыстар тобунун курамында болушуп, конкурстун катышуучуларынын эмгектерин объективдүү баалап беришти.

Сынак 4 турда ишке ашырылды. 1-турда студенттер өздөрүнүн ийгилик портфолиосун тапшырышкан жана портфолиодогу студенттердин окуу процессиндеги, илимий багыттагы, спорттогу, коомдук иштердеги жараткан ийгилиги бааланды. Конкурстун 2-турунда өзүнүн багыты боюнча жараткан ийгилигин электрондук презентация аркылуу чагылдырышты. 3-турда оозеки өзүнүн келечектеги кесиби жөнүндө 2 минуталык баяндама жасады. Ал эми 4-турда мектептин программасы боюнча бир сабактан 15 минуталык фрагмент көрсөтүшүп беришти.

 Конкурстун женүүчүлөрүн сыйлоо максатында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, физика адистигинин 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Исмаилахун кызы Мухабатхан, информатика адистигинин 2007-жылкы бүтүрүүчүсү Асанова Айсулуулар тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлүп, ийгиликтерге  жетишкен студенттерге акчалай сыйлыктар, диплом жана активдүү катышкан студенттер сертификаттар  менен сыйланышты.

Конкурстун жыйынтыгы менен 1- орун 76 упай менен Алмазбек кызы Кундуз, 1-даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык жана физика, информатика адистигинин “Мыкты студенти-2024” номинациясы ыйгарылды.

 75 упай менен 2-орун Эмилбекова Сайкалга 2-даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык,  66 упай менен  3-орун Исабеков Кубаныч 3-даражадагы диплом жана 1000 сом акчалай сыйлыктардын ээси болушту. Ал эми конкурска активдүү катышкандыгы үчүн Рахимова Тургунай жана Кумарбек уулу Актилекке сертификаттар берилди. Конкурска катышкан кафедранын жамааты жана студенттер тарабынан конкурстун уюштурулушуна жакшы пикирлер айтылып, кийинки окуу жылында конкурска көп студенттер катышат деген ойлорун айтып, мындай конкурстар болочок адистердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө зор салымын кошо турганын белгилешти.