- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНА АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ИШ САПАР
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун физика жана информатика кафедрасынын доценттери Э.Молдокеримова, Ж.Мамадразаков жана Ф-1-21 тайпасынын студенттери А.Кумарбек уулу, Т.Рахимова, Ж. Абдимаматова, А.Базаркуловалар Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында 2024-жылдын 30-апрель 2-май күндөрү Өзбек Республикасындагы Андижан мамлекеттик университетинин Физика факультетинде тажрыйба алмашуу максатында иш сапарында болушту.
Э.Молдокеримова физика адистигинин студенттерине физиканы окутуунун жаңы технологиялары боюнча, Ж.Мамадразаков Программалоо боюнча лекция окуду. Ал эми студенттер лекцияларга катышты, механика, молекулалык физика, электр жана магнетизм, атомдук жана ядролук физика боюнча заманбап лабораторияларда лабораториялык иштерди аткарышты. Ошондой эле, академик, физика-математика илимдеринин доктору, "Нанотехнологиялар жана электроника"лабораториясынын башчысы Сирожиддин Зайнобидинов "Нанотехнологиялардын өнүгүшү" темасында кызыктуу лекциясы окуп берди.