- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
БОЛОЧОК АДИСТЕРДИ ДАРЯДООДО АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
Бүгүн Физика жана информатика кафедрасында "ЖОЖ-АТА-ЭНЕ -карым катнашы" аталышындагы ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйналышка ФМББ(И)-1-23 тайпасынын студенттери, ата-энелер жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамы катышышты. Ата-энелер үчүн Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окуу-техникалык базасы кафедра башчы п.и.к., доцент Р.С.Нусупова жана куратор Д.Т.Мажиева тарабынан тааныштырылып, экскурсия уюштурулду. Бул экскурсияда ата -энелер ЖАМУ да түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр: студенттердин тил үйрөнүү багытындагы кытай, англис тил курстары, бизнес идеяларды ишке ашыруу боюнча Бизнес- инкубатор борборунун ишмердүүлүгү, тышкы байланыштар бөлүмүнүн академиялык -мобилдүүлүк жөнүндө, китепкана маалымат борбору жана студенттердин ашканасы менен таанышышып, кеңири маалымат алышты. Окуу кааналарын, лабораторияларды көрүп, таанышып чыгышты. Андан кийин кафедранын окутуучулары менен жолугушуп, окуу процессинин уюштурулушу, университет менен байланышуу жолдору боюнча маалымат алышты. Тестирлөө борборунун жетекчиси А.Ж.Жолонбаева АВН порталынын мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялап берди. Жакында болуп өткөн аймактар.аралык олимпиадада физика предмети боюнча жетишкен ийгиликтери менен тайпанын студенттери Джумабаева Халима жана Солижанова Розияханды кафедра башчы куттуктап, дипломдорун тапшырды. Окуудагы жана коомдук иштерге активдүү катышкан Физика жана информатика кафедрасынын студенттери эки жыл катарынан президенттик стипендияга жетишкен ийгиликтери боюнча да маалымат берилди. Ошону менен катар студенттердин академиялык мобилдүүлүкко баруунун шарттары боюнча ата-энелерге маалымат берилип жана мобилдүүлүккө барууну каалаган студенттер боюнча сунуштар берилди. Жолугушуунун акырында студенттер 2023-2024- окуу жылында окуган предметтери боюнча өздөштүрүшкөн билимдерин үйрөнгөн программалар аркылуу ата-энелерге көрсөтүп беришти. Ата-энелер балдарынын жогорку деңгээлде билип алып жатканына ынаанышып, профессордук- окутуучулук курамга жана университеттин жамааттына ыраазычылык билдиришти.