1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

9

Физика жана информатика кафедрасында усулдук ишмердүүлүк уланууда 

Физика жана информатика кафедрасында окуу процессинин сапатын жогорулатуу, окутуунун натыйжалуу усулдарын жайылтуу жана окутуучулардын педагогикалык тажрыйбасын өркүндөтүү максатында ачык сабактар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.Ушул багыттагы иш-чаралардын алкагында кафедранын улуу окутуучусу Д.Т. Мажиева тарабынан ФМББ(И)-1-24 тайпасынын студенттерине «Применение методов математической логики при построении релейно-контактных схем» темасында ачык сабак уюштурулду.Сабактын жүрүшүндө математикалык логиканын теориялык негиздери жана аларды релейно-контакттык схемаларды түзүүдө колдонуу өзгөчөлүктөрү кеңири каралды. Окутуучу теманы түшүндүрүүдө логикалык операцияларды практикалык мисалдар менен байланыштырып, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана маселелерди өз алдынча чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.Практикалык тапшырмаларды аткаруу учурунда студенттер теориялык билимдерин колдонуп, логикалык туюнтмалардын негизинде релейно-контакттык схемаларды түзүү жана талдоо боюнча иш алып барышты. Сабак интерактивдүү мүнөздө уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусуна жана өз алдынча ой жүгүртүүсүнө шарт түзүлдү.Ачык сабакка кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү Н.Т. Осмонова жана Р.А. Торогулова катышты. Алар сабактын уюштурулушуна, окутуунун методикалык жактан камсыздалышына, теориялык материалдын практикалык тапшырмалар менен айкалыштырылышына жана студенттердин билим алуудагы активдүүлүгүнө көңүл бурушту.Сабактын жыйынтыгында пикир алмашуу жүргүзүлүп, окутуунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган сунуштар айтылды.Мындай ачык сабактар окутуучулардын кесиптик-педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү усулдук иш-чаралардын бири болуп саналат.