1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

20

ЖАГЫМСЫЗ ЖАГДАЙЛАРДЫ БОЛТУРБОО ЖАНА КООПТУУ ЖАГДАЙЛАРДАН САКТАНУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдардын жана жагымсыз жагдайлардын алдын алуу жана сактануу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү.Иш-чаранын негизги максаты — студенттер менен окутуучулардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздук эрежелерин, табигый кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле кооптуу жагдай жаралган учурда туура жана ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.Иш-чаранын жүрүшүндө көрсөтмөлүү слайддар жана көрсөтмө куралдар аркылуу «Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар (табигый кырсыктар)» деген темада кеңири презентация сунушталды. Презентацияда төмөнкүдөй негизги кооптуу жагдайлар жана алардын кесепеттери ошондой эле алдын алуу кадамдары каралды:1. Селдер жана суу ташкындары: Жаз-жай мезгилинде тоолуу аймактарда сел коркунучунун жогорулашы, суу нуктарын таза кармоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин сактоо маселелери;2. Жер көчкүлөрү жана таш кулоолор: Тоо боорлорундагы калктуу конуштарда жер көчкүнүн алдын ала белгилерин байкоо жана коопсуз аймактарга убагында эвакуациялануу;3. Жер титирөө: Сейсмикалык активдүүлүк учурунда имараттын ичинде жана сыртта өзүн туура алып жүрүү эрежелери;4. Кар көчкүлөрү: Тоолуу автожолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучунда этияттуулукту сактоо;5. Суу деңгээлинин көтөрүлүшү жана бийик тоолуу өрөөндөрдөгү көлдөрдүн бузулушу: Мөңгүлөрдүн эришинен улам пайда болчу коркунучтар жана алардын мониторинги.Иш-чаранын соңунда профессордук-окутуучулук курам жана студенттер арасында суроо-жооп форматында талкуу жүрдү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго толук алышып, табигый кырсыктардын алдын алууда ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң экендигин белгилешти.