1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

11

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ЖАНА ТАКШАЛМА ПРАКТИКАНЫН БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮШТУРУЛДУ

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилиндеги Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары 2026–2027-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, 2026-жылдын 5-октябрынан 5-декабрына чейин илимий-изилдөөчүлүк жана такшалма практикалардан өтүүгө байланыштуу багыт берүүчү конференцияга катышышты. Анын алкагында 6 жума илимий-изилдөөчүлүк жана 3 жума такшалма практика өткөрүлөт.Конференция практика боюнча жооптуу жетекчи М. Н. Нурматова тарабынан онлайн форматта уюштурулуп, Zoom платформасы аркылуу өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө илимий-изилдөөчүлүк практиканын алты жумага созулары, анын негизги максаттары жана милдеттери түшүндүрүлүп, практиканын «жол картасы» тааныштырылды. Жол картасы магистранттардын илимий ишмердүүлүгүнүн багытына жана аткара турган иштеринин өзгөчөлүктөрүнө жараша бир нече параметр боюнча иштелип чыккан.Тактап айтканда, магистрдик диссертациясын даярдай турган магистранттар үчүн өзүнчө, ал эми илимий-изилдөө ишинин белгилүү бир темасы боюнча иш алып бара турган магистранттар үчүн өзүнчө жол карталары сунушталып, аларды аткаруунун тартиби жана талаптары түшүндүрүлдү.Мындан тышкары, такшалма практиканын максаты, милдеттери, мазмуну жана аны өтүүнүн негизги талаптары боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.