1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

17

«МАТЕМАТИКА» ПРОФИЛИНДЕГИ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ТААНЫШТЫРУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-2027-окуу жылынын сентябрь айынды Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында 1-курс «Математика» профилинде билим алып жаткан студенттер үчүн багыт берүүчү тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жогорку окуу жайына жаңыдан кадам таштаган студенттерге университеттин түзүмү, окуу процесси, студенттин укук-милдеттери, ички тартип эрежелери жана студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү. Куратор Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан студенттерге «Биринчи курстун студенттери үчүн жол көрсөткүч» маалыматтык колдонмосунун негизинде университеттин миссиясы, институттары, студенттерге көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар, окуу процессинин уюштурулушу жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар түшүндүрүлдү. Жол көрсөткүчтө университеттин китепканасы жана маалымат борбору студенттерге билим берүү жана илим тармагындагы ресурстар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген. Өзгөчө көңүл университеттин китепканасы жана маалымат борбору менен иштөөгө бурулду. Студенттер китепкананын фондунан, окуу залынан, абонементтен жана электрондук маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырылды. Ошондой эле окуу жана илимий адабияттарды туура пайдалануу, керектүү китептерди өз алдынча издөө жана китепкана кызматтарынан натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, студенттер кредиттик окутуу технологиясы, лекциялык жана практикалык сабактар, СӨИ, силлабус, баалоо жана экзамендик сессия тууралуу маалымат алышты.