1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

12

ТИЛ ЖАНА НАРК – УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗИ

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-24 тайпасында, тайпа куратору, улук окутуучу Маткаримова Минавар Шарабидиновнанын жетекчилиги астында «Тил жана нарк – улуттук иденттүүлүктүн негизи» аттуу куратордук ачык сабак өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин эне тилге, улуттук маданиятка жана руханий баалуулуктарга болгон мамилесин бекемдөө, ошондой эле улуттук иденттүүлүктүн маанисин заманбап көз карашта талкуулоо болду. Ачык сабак интерактивдүү форматта уюштурулуп, студенттер дискуссияга, кейс-талдоого, топтук ишке, дебатка жана рефлексияга активдүү катышышты. Талкуунун жүрүшүндө тилдин улуттук тарыхты, дүйнө таанымды жана маданий тажрыйбаны сактоодогу орду, ал эми нарктын адамдын жүрүм-турумун, жоопкерчилигин жана коомдогу мамилесин аныктоодогу мааниси каралды. Студенттер заманбап коомдогу улуттук баалуулуктардын орду, салт менен нарктын өз ара байланышы, чет тилдерди үйрөнүү менен эне тилди өнүктүрүүнү айкалыштыруу жана кыргыз тилин санариптик мейкиндикте кеңири колдонуу маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Ошондой эле кыргыз тилин жаштар арасында жайылтууга багытталган чыгармачыл идеялар сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук иденттүүлүк өткөндүн мурасын гана сактоо эмес, аны бүгүнкү күндүн шартында өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүп берүү экендиги белгиленди. Тил — улуттук иденттүүлүктүн үнү болсо, нарк — анын мазмунун түзгөн негизги баалуулуктардын бири экени баса белгиленди. Сабактын соңунда студенттер кыргыз тилин жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө өздөрүнүн жеке салымын аныктап, конкреттүү аракеттерин белгилешти. Иш-чара «Улуттук иденттүүлүк — ар бирибиздин бүгүнкү тандообуздан башталат» деген идея менен жыйынтыкталды.