1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

11

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилиндеги ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери 2026–2027-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, 2026-жылдын 28-сентябрынан 21-ноябрына чейин өткөрүлүүчү кесиптик-профилдик практикага байланыштуу багыт берүүчү конференцияга катышышты.Конференция практика боюнча жооптуу жетекчи М. Н. Нурматова тарабынан уюштурулду. Иш-чарага тайпанын студенттери жана практика жетекчилери катышты. Конференциянын жүрүшүндө сегиз жумага созулуучу практиканын негизги максаттары жана милдеттери түшүндүрүлүп, практиканын «жол картасы» тааныштырылды.Ошондой эле студенттер коопсуздук техникасынын эрежелери менен таанышып, тиешелүү документтерге кол коюшту жана практикага жөнөтүү жөнүндө буйрук менен тааныштырылды.