1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын математика адистигинин 2-курсунун М-1-25 тайпасынын студенттеринин катышуусунда улуу кыргыз жазуучусу, ойчул, коомдук ишмер жана дипломат Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына арналган «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу менен таанышып, жазуучунун чыгармаларындагы адамгерчилик, абийир, жоопкерчилик, мекенчилдик жана руханий баалуулуктар тууралуу пикир алышты. Айрыкча «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», «Саманчынын жолу», «Бетме-бет» чыгармаларынын идеялык мазмунуна көңүл бурулду.Ошондой эле маңкуртчулук, тарыхый эс тутумду сактоо, эне тилди жана улуттук баалуулуктарды урматтоо маселелери талкууланды. Студенттер жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын тагдыры аркылуу адамдын өз абийири жана коом алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө өз ойлорун билдиришти.Куратордук сааттын жүрүшүндө адабий викторина уюштурулуп, студенттер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу суроолорго жооп берип, жазуучунун накыл сөздөрүнүн маанисин чечмелешти.Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин Ч. Айтматовдун чыгармачылык мурасына болгон кызыгуусун арттыруу, жаштарды адамгерчиликке, адилеттүүлүккө, боорукерликке, жоопкерчиликке жана руханий баалуулуктарды сактоого үндөө.Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы — адамды адам болууга үндөгөн, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган түбөлүктүү руханий мурас.