1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

 «ТИЛ ЖАНА НАРК – УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗИ» ТЕМАСЫНДА ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун “Тил жумалыгы” аталышындагы жумалыгынын алкагында 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ФМББ(Мк)-2-26 тайпасында  куратор улук окутуучу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан  «Тил жана нарк — улуттук иденттүүлүктүн негизи» деген темада тарбиялык куратордук саат өткөрүлдү.Иш-чаранын максаты — студенттерге эне тилибиздин, улуттук каада-салт, нарк-насилдин жана үрп-адаттардын улуттук иденттүүлүктү сактоодогу ролу менен маанисин түшүндүрүү, ошондой эле мекенчилдикке, улуттук дөөлөттөрдү барктоого тарбиялоо болуп саналат.Тарбиялык сааттын жүрүшүндө эне тилибиздин тарыхый жолу, анын мамлекеттик макамы жана эгемендүү өлкөбүздөгү орду кеңири чагылдырылды. Ошондой эле кылымдар бою тил аркылуу муундан-муунга өтүп келген нарк-насил, рухий дөөлөттөр жана “Манас” баш болгон улуттук казынабыздын маанилүүлүгү талкууланды. Студенттер эне тил тууралуу ырларды көркөм окуп, макал-лакаптардын маанисин ачып беришип, заманбап коомдо кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча өз ой-пикирлери менен активдүү бөлүшүштү.