1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

56

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРҮ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ТАЛКУУ АЯНТЧАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 30-сентябрында Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучулары Сыдыкова Бактыгул Базарбаевна жана Баяман Эрматали уулунун уюштуруусу менен «Мамлекеттик тилдин азыркы учурдагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аталышындагы студенттер үчүн талкуу аянтчасы болуп өттү.Иш-чаранын максаты — кыргыз тилинин коомдогу ордун талдоо, жетишкендиктерди белгилөө жана аны андан arы өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоо.Талкуунун жүрүшүндө ФМББ(М)-1-25 тайпасынын студенти Анарбекова Асел Авазбековна «Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары азыркы коомдогу орду» аталышындагы баяндама жасады.Катышуучулар төрт негизги багыт боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү:1. Коомдук статус: Мамлекеттик тилдин укуктук жана социалдык ролу.2. Билим берүү: Мектептерде жана ЖОЖдордо окутуу методикасын жакшыртуу.3. Иш кагаздары: Ишкана-мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү деңгээли.4. Санарип чөйрө: ЖМК жана ИТ тармагында кыргыз тилинин колдонулушу."Мамлекеттик тилдин өнүгүшү — ар бир жарандын жана жаш муундун активдүү катышуусун талап кылат" деген негизги ойду ортого салышты. Жыйынтыгында уюштуруучулар бул багыттагы иштер мындан ары да улантыларын белгилеп, активдүү катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдиришти.