1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

29

«ЭНЕ ТИЛИБИЗ – ЭЛИБИЗДИН КӨӨНӨРБӨС БАЙЛЫГЫ» ТЕМАСЫНДА КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 23-сентябрында Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн «Эне тилибиз — элибиздин көөнөрбөс байлыгы» аталышындагы куратордук саат өттү.

Куратордук сааттын максаты — жаштардын эне тилине болгон сүйүүсүн арттыруу, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, анын коомдогу ордун терең түшүндүрүү жана студенттердин мекенчилдик сезимин бекемдөө болуп саналат.

Куратордук сааттын жүрүшүндө окутуучу  кыргыз тилинин калыптануу тарыхына, анын башынан өткөн сыноолорго жана бүгүнкү күндөгү илим-билим тармагындагы ордуна токтолду. Өзгөчө келечек муундагы педагогдор үчүн өз эне тилин таза, туура колдонуу жана кесиптик чөйрөдө мамлекеттик тилдин макамын жогору кармоо маанилүү экени баса белгиленди.

Студенттер  активдүү катышып, эне тил тууралуу көркөм ырларды окуп, өз ойлору менен бөлүшүштү.