1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

44

«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК: МАНАС РУХУ ЖАНА АЙТМАТОВ ААЛАМЫ»

15-сентябрда Билим күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексине караштуу Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-24 тайпасында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Манас руху жана Айтматов ааламы» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.

Куратордук саатты тайпанын куратору Маткаримова Минавар Шарабидиновна уюштуруп, иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен улуттук баалуулуктар, билимдин мааниси, «Манас» эпосунун руханий мурасы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу пикир алышуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу, «Манас» эпосунун руханий-философиялык маанисин түшүндүрүү, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы ордун таанытуу жана жаштарды улуттук аң-сезим менен дүйнөлүк ой жүгүртүүнү айкалыштырууга багыттоо болду.

 Куратордук сааттын жүрүшүндө «Манас» эпосу – улуттук рухтун булагы катары каралып, андагы мекенчилдик, биримдик, намыс, эрдик жана акылмандык сыяктуу баалуулуктар тууралуу студенттер өз ойлорун билдиришти. «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхый эс-тутумун, дүйнө таанымын, социалдык тажрыйбасын жана руханий баалуулуктарын камтыган уникалдуу эпикалык мурас экендиги белгиленди.

Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурулуп, адамгерчилик, жоопкерчилик, эркиндик, сүйүү жана ишеним, табият менен байланыш, тарыхый эс-тутум сыяктуу түшүнүктөр талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, интерактивдүү тапшырмаларга катышып, «Тамыр → Дем → Билим → Аракет → Бийиктик» уңгужолу боюнча өз пикирлерин ортого салышты. Талкууда улуттук тамырды сактоо менен заманбап билимди өздөштүрүү, кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатуу жана коомдук жоопкерчиликти калыптандыруу маселелерине басым жасалды.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, иш-чарага ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенти Абжалилова Зарифанын апасы Мурзабекова Гулназ Шермаматовна атайын катышып, жаңы окуу жылынын башталышы менен студенттерди куттуктады. Ал жаштарга окууда ийгиликтерди каалап, билим алууга, изденүүгө жана алдыга койгон максаттарына жетүүгө үндөдү.

Ошондой эле студенттер «Мен Кыргызстан үчүн эмне кыла алам?» деген суроонун алкагында өздөрүнүн келечектеги салымы тууралуу ой бөлүшүштү. Алар сапаттуу билим алуу, тандаган кесиби боюнча компетенттүүлүгүн жогорулатуу, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, коомдук жоопкерчиликти калыптандыруу жана улуттук тил менен маданий мурасты урматтоо сыяктуу багыттарды белгилешти.

Куратордук сааттын жыйынтыгында улуттук маданий мурасты сактоо менен заманбап билимге, кесипкөйлүккө жана коомдук жоопкерчиликке умтулуу жаштардын маанилүү милдеттеринин бири экендиги белгиленди. Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик!» деген ураан менен жыйынтыкталды