1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

120

«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» УҢГУ ЖОЛУ ТЕМАСЫНДА КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 15-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн куратор Эрматали уулу Баяман тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» темасында куратордук саат өткөрүлдү.Куратордук сааттын негизги максаты — студенттерге улуттук баалуулуктардын, эне тилдин, салт-санаанын, тарыхый мурастын жана мекенчилдик сезимдин маанисин түшүндүрүү, жаштарды өз элинин тарыхын жана маданиятын урматтоого, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоого жана дүйнөлүк деңгээлде билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү инсан болууга үндөө.Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук аң-сезим, мекенчилдик, улуттук баалуулуктар жана жаштардын коомдогу орду тууралуу кеңири сөз болду. Кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, эне тили жана маданий мурастары улуттук иденттүүлүктүн негизги өзөгү экендиги белгиленди.Ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап билимге, илимге жана жаңы технологияларга умтулуу зарылдыгы талкууланды. Бүгүнкү жаштар улуттук маданиятын терең билген, ошол эле учурда дүйнөлүк билим берүү жана илимий жетишкендиктерден кабардар болгон, ар тараптуу өнүккөн инсан болушу керектиги белгиленди.Куратордук саатта «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» түшүнүгүнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, өз элинин баалуулуктарын урматтоо адамдын дүйнөлүк деңгээлде өнүгүүсүнө тоскоол болбостон, тескерисинче, анын бекем пайдубалы болуп саналары айтылды.Студенттер менен биргеликте кыргыздын улуттук мурастарын кийинки муунга жеткирүү, эне тилди урматтоо, билим алуу, илимге кызыгуу, коомго пайдалуу инсан болуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуу боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.Куратордук сааттын соңунда студенттерге өз улутунун тарыхын жана маданиятын билүү, эне тилди урматтоо, улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге сапаттуу билим алууга, илим-билимдин бийиктиктерин багындырууга жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууга чакырыктар айтылды.