1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

48

«БИЛИМ – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КҮЧ» ТЕМАСЫНДА ТАРБИЯЛЫК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 15-сентябрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Физика-маткматикалык билим берүү багытынын «Математика» профилинин  1-курсунун студенттери үчүн кураторлор С.Т.Шарапов жана М.К.Бекназаровалар тарабынан жаңы окуу жылынын башталышына арналган тарбиялык саат өткөрүлдү.Тарбиялык сааттын негизги максаты — студенттерди жаңы окуу жылын жакшы маанайда баштоого үндөө, билим алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү, алдыга так максаттарды коюуга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыт берүү.Иш-чаранын жүрүшүндө Билим күнүнүн мааниси, студенттик жылдардын адамдын келечектеги кесиптик калыптануусундагы орду тууралуу кеңири сөз болду. Студенттик мезгил — терең билим алуу, илимий изилдөөлөргө катышуу, жаңы идеяларды ишке ашыруу, олимпиадаларга, сынактарга жана конференцияларга катышуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берген маанилүү мезгил экендиги белгиленди.Ошондой эле бүгүнкү күндүн студенти кандай сапаттарга ээ болушу керектиги талкууланды.Тарбиялык сааттын соңунда 1-курстун студенттерине жаңы окуу жылында ийгиликтерди жаратуу, алдыга койгон максаттарына жетүү, изденүү жана өзүн ар тараптан өнүктүрүү боюнча жакшы каалоолор айтылды.«Ар бир сабак — жаңы билим, ар бир аракет — тажрыйба, ар бир жетишкендик — жаркын келечекке кадам» деген ураан менен студенттерди билим алууга, изденүүгө жана ийгиликке умтулууга чакырган иш-чара жаңы окуу жылына жакшы башат болду.Билимдүү, максаттуу жана изденген жаштар — өлкөнүн жаркын келечеги!