1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

234

ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ТҮШТҮК КОРЕЯДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БАГЫТЫНДАГЫ ИЛИМИЙ БАЯНДАМАГА КАТЫШТЫ

Түштүк Кореянын Халла университети жасалма интеллект жана заманбап маалыматтар илими тармагында чөлкөмдөгү эң алдыңкы илимий борборлордун бири болуп саналат. Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында аталган окуу жайда жүргөн ЖАМУнун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова ушул багытта тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүдө. Сапардын алкагында М. Н. Нурматова Халла университетинин механика жана автоматташтыруу кафедрасынын башчысы, профессор Шим И Ренин атайын уюштурулган илимий баяндамасына катышты. Профессордун баяндамасында заманбап нейрондук тармактар, жасалма интеллекттин алгоритмдери жана бул багытта Халла университетинде акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан алдыңкы илимий-изилдөө иштери тууралуу кеңири маалымат берилди. Илимий баяндаманын алкагында кесиптик пикир алмашуу орун алып, М. Н. Нурматова өзүнүн илимий-изилдөө багыты, тактап айтканда, дифференциалдык теңдемелер жана математикалык моделдештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат бөлүштү. Өз кезегинде, профессор Шим И Ре Халла университетинде жасалма интеллектти математикалык моделдөө менен айкалыштыруу багытында алдыга жылып жаткан заманбап илимий долбоорлордун өзгөчөлүктөрүн тааныштырды. Бул илимий жолугушуу ЖАМУнун өкүлү үчүн жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк акыркы тенденциялар менен жакындан таанышууга жана заманбап технологиялык тажрыйбаларды өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түздү.