1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

ЭЛ АРАЛЫК АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК: ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН ХАЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси менен Түштүк Кореянын Халла университетинин ортосундагы эл аралык кызматташуу келишиминин алкагында жана окуу жайдын ректорунун расмий буйругунун негизинде, ЖАМУнун педагогикалык институтунун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу, ф.-м.и.к. М.Н.Нурматова Корея Республикасына академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча иш-сапарга барды. Сапардын биринчи күнүндө Халла университетинин глобалдык маселелер боюнча вице-президенти Ким Жонг Ха ЖАМУнун өкүлүн расмий түрдө жылуу кабыл алып, алдыдагы биргелешкен иш-пландар менен тааныштырды. Андан соң, Халла университетинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директору Ховард Ли коштоосунда заманбап үлгүдөгү окуу корпустарына, илимий лабораторияларына жана ички инфраструктурасына атайын таанышуу экскурсиясы уюштурулду. Халла университети – Түштүк Кореянын экономикалык кереметине зор салымын кошкон, улуу эркке жана терең акылмандыкка ээ таасирдүү тарыхый инсан, белгилүү ишкер Чон Ин-Ён тарабынан түптөлгөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ири өндүрүшүн аныктаган эң бай, таасирдүү улуу ишкерлер бул окуу жайдын өнүгүшүнө жана заманбап материалдык-техникалык базасына ири көлөмдө түз капиталдык инвестицияларды жумшап келишет. Дал ушундай каржылык жана өндүрүштүк колдоонун натыйжасында, университет дүйнөгө белгилүү KIA, Hyundai өңдүү автогиганттарды жана эл аралык ири корпорацияларды түз жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылат. Окуу жайдын эң башкы артыкчылыгы – анын бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаар замат, түз эле ушул өнөктөш ири компанияларда кепилденген жумуш орундары менен камсыз болушат. Бул маанилүү сапардын алкагында машина куруу, авиация, жасалма интеллект жана программист адистиктерин даярдоодо теория менен практиканы айкалыштырган атайын симуляциялык моделдөөлөрдү (виртуалдык реалдуулукта сыноодон өткөрүүчү технологияларды) жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалгандыгы байкалып, бул алдыңкы ыкма ЖАМУнун өкүлү М. Н. Нурматованын кесиптик кызыгуусун арттырды.