1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖАНА МАГИСТРАНТТАРЫ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ

2026-жылдын 30-майында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин 4-курсунун студенттери, 2-курсунун магистранттары, ошондой эле Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары Жалал-Абад эл аралык университетинде (ЖАЭАУ) өткөрүлгөн юбилейлик илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып келишти. Бул илимий жыйын ЖАЭАУнун доценти, ф.-м.и.к. Динара Эменовна Канетованын 50 жылдык юбилейине арналып, "Илим, билим берүү жана санариптик технологиялар: тажрыйба, инновациялар жана өнүгүү" деген аталышта уюштурулду. ЖАМУнун жаш окумуштуулары конференциянын алкагында атайын уюштурулган “Илимдеги алгачкы кадамдар: математика, окутуунун методикасы жана инновациялык билим берүү” аталыштагы №1-В жаш изилдөөчүлөр (магистранттар жана студенттер) секциясында өздөрүнүн илимий баяндамаларын жасашты. Аталган илимий секциянын модератору катары ЖАМУнун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова иш алып барды. Секциянын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн бүтүрүүчү квалификациялык иштеринин жана магистрдик диссертацияларына байланыштуу алган алгылыктуу илимий жыйынтыктары менен бөлүшүп, ортого салышты. Баяндамалардан соң катышуучулар ортосунда суроо-жооптор орун алып, заманбап математика жана аны окутуунун усулдары боюнча кызуу илимий талкуу жаралды. Секциялык иштин жыйынтыгында ЖАМУнун бардык катышуучуларына илимий конференцияга активдүү катышкандыгын тастыктаган атайын тастыктоочу сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Жаш изилдөөчүлөрүбүздүн илим жолундагы алгачкы кадамдарын куттуктап, мындан аркы илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрүндө чоң ийгиликтерди каалайбыз!