1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

ЖАЛАЛ-АБАД ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ: «МАТЕМАТИКА» ПРОФИЛИНИН КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

2026-жылдын 22-майында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова жана окутуучу Эркинбек кызы Жумакан Жалал-Абад педагогикалык колледжинде болушту. Алар окуу жайдын "Башталгыч класстарда окутуу" адистигинин бүтүрүүчү курстарынын студенттерине кесипке багыт берүү ишин кызуу жүргүзүп келишти. Жолугушуунун алкагында колледждин бүтүрүүчүлөрүнө ЖАМУнун 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинде билим алуунун артыкчылыктары, окуу шарттары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды камтыган атайын буклеттер таратылды. М. Н. Нурматова студенттерге кафедранын учурдагы расмий сайтын көрсөтүү менен, андагы маалыматтар аркылуу билим берүү уясынын бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин, студенттердин илимий-педагогикалык ийгиликтерин жана аткарылып жаткан алгылыктуу ишмердүүлүктөрдү реалдуу убакытта баяндап берди. Санариптик технологияларды колдонуу менен көрсөтүлгөн бул тааныштыруу студенттердин өзгөчө кызыгуусун арттырды. Иш-чаранын соңунда колледждин бүтүрүүчүлөрү өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, кабыл алуу эрежелери жана студенттик турмуш тууралуу кафедра өкүлдөрүнөн так, толук кандуу жоопторду ала алышты. Бул жолугушуу келечектеги жаш адистердин туура кесиптик багыт алышына чоң өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз.