1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

2026-жылдын 29-майында “Б.Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын (математика профили) Мс-1-21 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чара Э.Уметов атындагы Педагогикалык институттун 408-аудиториясында уюштурулду. Конференцияны практика жетекчиси М.Н. Нурматова ачып, студенттердин мектеп босогосунда алган алгачкы кесиптик тажрыйбасынын жана педагогикалык ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө студенттер Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл, Манас шаарларынын орто мектептеринде өткөн практикасы боюнча кеңири маалымат беришти. Алар өз баяндамаларында окуу-методикалык иштерди уюштуруу, тарбиялык жана класстан тышкары иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле мектептеги изилдөө иштерин жүргүзүүдөгү жетишкендиктери жана алгачкы педагогикалык кыйынчылыктарды кантип жеңгендиктери тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Окуу жайдын жобосуна ылайык, мектептерде 2 жылдан ашык иш тажрыйбасы (стажы) бар сырттан окуган студенттер үчүн өзгөчө шарттар эске алынды. Бул категориядагы студенттер отчеттуулукка талап кылынган тиешелүү документтерди тапшыруу менен бирге, өздөрүнүн учурдагы реалдуу кесиптик ишмердүүлүгүнүн алкагында даярдалган отчетторун ийгиликтүү коргоп беришти. Иш-чаранын аягында студенттердин ортосунда суроо-жооптор орун алып, кызуу талкуу жаралды. Кесиптик-профилдик практика өз максатына жетти. Келечектеги математика мугалимдерине агартуучулук жолунда чоң ийгиликтерди каалайбыз!