1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 часов назад

6

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эркинбек кызы Жумакан тарабынан кесиптик-профилдик практиканын алкагында, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда жумуш ордунда окутууга карата М-1-22 тайпасынын студенттерине практикалык сабак өткөрүлдү. Сабак жумуш ордунда окутуунун планына ылайык, «Тарбиялык иш-чаранын иштелмесин даярдоо, өткөрүү, психологиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү боюнча түшүндүрмө берүү» темасында уюштурулуп, анда №19-мектептин базасында аткарыла турган иштер негиз кылып алынды. Кесиптик-профилдик практиканын талаптарына ылайык, жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө зарыл болгон төмөнкү багыттар боюнча методикалык кеңештер жана көрсөтмөлөр берилди: Интерактивдүү тарбиялык иштелмелерди долбоорлоо: Мектеп окуучуларынын профилине ылайыктуу тарбиялык сааттардын жана иш-чаралардын заманбап, интерактивдүү сценарийлерин иштеп чыгуу жолдору көрсөтүлдү. Санариптик жана көрсөтмөлүү ресурстарды даярдоо: Иш-чаранын таасирдүүлүгүн арттыруу үчүн заманбап санариптик технологияларды, мультимедиалык жана көрсөтмөлүү ресурстарды кесипкөй деңгээлде даярдоо ыкмалары үйрөтүлдү. Иш-чараны өткөрүү жана уюштуруучулук көндүмдөрдү көрсөтүү: Келечектеги мугалимдердин мектеп чөйрөсүндө иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү жана аудитория менен туура байланыш түзүү жөндөмдөрү талданды. Психологиялык-педагогикалык талдоо жана «Өзүн-өзү талдоо»: Өткөрүлгөн тарбиялык иш-чарага терең психологиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү жана студенттердин өз ишине объективдүү баа берүү («өзүн-өзү талдоо») көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иштер аткарылды. Бул иш-чара кесиптик-профилдик практиканы өтөп жаткан студенттердин мектептеги тарбиялык иштерди методикалык жактан туура уюштуруусуна, заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуусуна жана педагогикалык чеберчилигин арттырууга чоң өбөлгө түзөт.