1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 часов назад

8

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эркинбек кызы Жумакан тарабынан кесиптик-профилдик практиканын алкагында жумуш ордунда окутуу иштери жүргүзүлдү. Практикалык окутуу №21-мектептин базасына план боюнча коюлган, бирок студенттердин практикадан бош убактыларын пайдаланып Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун 408- аудиториясында өткөрүлдү. М-1-23 тайпасынын студенттери менен «Тарбиялык сааттын иштелмесин даярдоо, жадыбалга ылайык сабак өтүү, психологиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү» темасын талкуулап түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп багыт берилди.Жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө студенттерге тарбиялык сааттын тематикалык планын жана сценарийин түзүү боюнча методикалык түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле сабактарды мектептин окуу жадыбалына ылайык уюштуруу, убакытты туура пайдалануу жана окуу процессин натыйжалуу пландаштыруу боюнча кеңештер айтылды. Практиканын жүрүшүндө студенттер тарбиялык иш-чараларды өткөрүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышып, интерактивдүү усулдарды колдонуу боюнча тажрыйба алышты. Мындан тышкары, тарбиялык иш-чарадан кийин психологиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү, өткөрүлгөн иштин тарбиялык жана психологиялык натыйжалуулугун баалоо, класстын социалдык-психологиялык климатын аныктоо боюнча практикалык иштер аткарылды.Ошондой эле студенттерге өзүн-өзү баалоо жана рефлексия жүргүзүүнүн мааниси түшүндүрүлүп, ар бир өткөрүлгөн сабак боюнча жыйынтык чыгаруу көндүмдөрү калыптандырылды. Жумуш ордунда окутуу келечектеги мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, мектеп чөйрөсүндө тарбиялык иштерди туура уюштурууга жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түздү.