1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

23

“ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ — ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Баяман Эрматали уулу тарабынан ФМББ(М)-1-23 тайпасына 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине арналган куратордук саат өтүлдү. Куратордук сааттын негизги максаты — студенттерге ШКУнун түзүлүү тарыхы, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролу жана Кыргызстандын уюмдагы орду тууралуу кеңири маалымат берүү болду.Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттерге ШКУнун аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, экономикалык байланыштарды чыңдоо, билим берүү жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле 2026-жылы ШКУ саммитинин Кыргызстанда өткөрүлүшү өлкөбүздүн эл аралык аброюн жогорулатуу менен катар мамлекеттер аралык достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошору белгиленди.Студенттер өз ойлорун билдирип, суроо-жооп форматында активдүү талкуу жүргүзүштү. Мындай агартуу иш-чаралары жаштардын эл аралык уюмдар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө, мекенчилдик сезимин арттырууга жана дүйнөлүк процесстерге болгон кызыгуусун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.