1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

28

МАГИСТРАНТТАРДЫН МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯЛАРЫН АЛДЫН АЛА КОРГОО ИШ-ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛДУ

2026-жылдын 20-майында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын магистрдик диссертациялык иштерин алдын ала коргоосу уюштурулду. Иш-чарага кафедра башчысы М.К. Бекназарова, илимий жетекчилер жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамы катышты. Алдын ала коргоонун алкагында төмөнкү магистранттар өздөрүнүн илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары боюнча деталдуу баяндама жасашып, диссертацияларын коргоого даярдык деңгээлин көрсөтүштү: 1. Кодиржан кызы Зулайхо – «7–9-класстарда геометрия сабагында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу» (Илимий жетекчиси: п.и.к., доцент А. Ураимхалилова) 2. Эрмекбай кызы Айжан – «Жалпы билим берүүчү мектептерде математиканы окутууда окуучулардын алгоритмдик ой жүгүртүүсүн калыптандыруу» (Илимий жетекчиси: п.и.к., доцент А. Ураимхалилова) 3. Уланова Арууке – «Сабактын максатын ишке ашырууда колдонулган каражаттардын, усул-ыкмалардын шайкештиги» (Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор К.С. Алыбаев) 4. Садыкова Айжана – «Окутуучу менен студенттин инновациялык ишмердүүлүгүндөгү педагогикалык негиздер» (Илимий жетекчиси: т.и.к., доцент С.Ж. Куваков) 5. Мухтаров Курманбек – «Билим берүүдөгү инновациялык процесстин өнүгүү этаптары (ЖАМУ мисалында)» (Илимий жетекчиси: т.и.к., доцент С.Ж. Куваков) 6. Жороева Назгул – «Ар кандай өздүк маанилери болгон учурда сингулярдуу козголгон Коши маселеси» (Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., professor А.М. Джураев) 7. Джумалыева Гулиза – «Нөлдөргө жана полюстарга ээ болгон айрым класстагы сингулярдык козголгон теңдемелер» (Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор К.С. Алыбаев) Жыйындын жүрүшүндө магистранттар изилдөө иштеринин актуалдуулугун, илимий жаңылыгын, теориялык жана практикалык маанилүүлүгүн негиздеп беришти. Ошондой эле, диссертациянын алкагында жүргүзүлгөн педагогикалык эксперименттердин жана математикалык эсептөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча суроолорго так жооп беришти. Профессордук-окутуучулар курамы жана илимий жетекчилер тарабынан диссертациялык иштердин мазмунуна жана жасалган баяндамаларга баа берилип, коргоо алдындагы акыркы тариздөө иштерин аяктоо боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Кафедранын чечими менен бардык магистранттардын диссертациялык иштери негизги коргоо баскычына сунушталды. Иш-чара ийгиликтүү өттү.