1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

27

ФМББ(М)-1-24 ТАЙПАСЫНДАГЫ ТАРБИЯЛЫК ИШ-ЧАРА

2026-жылдын 20-майында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова тарабынан ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттерине жеке өнүгүү баалуулуктарын жана экологиялык аң-сезимин калыптандырууга багытталган атайын лекциялык сабак өткөрүлдү. Бул иш-чара окутуучунун индивидуалдык планынын “Коомдук-тарбиялык иштер” бөлүмүндөгү тапшырмаларды аткаруу алкагында уюштурулду. Лекцияда туруктуу өнүгүүнүн «кесилген пирамида» модели кеңири талкууланды. Студенттерге бул моделдин пайдубалын табигый экосистемалар түзөрү, ал эми социалдык жана экономикалык тегиздиктер дал ушул базага түздөн-түз көз каранды экени илимий негизде ачып берилди. Ошондой эле, 2030-жылга чейинки глобалдык Күн тартибине кирген 17 Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ), анын ичинде өзгөчө сапаттуу билим берүү (4-ТӨМ) жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү маселелери терең каралды. Индустриалдык доордон айырмаланып, бүгүнкү маалыматтык коомдо инсанга сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык жана стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алуу сыяктуу XXI кылымдын көндүмдөрү өтө зарыл экендиги баса белгиленди. Сабактын жүрүшүндө студенттерге атайын видеоролик көрсөтүлүп, анын мазмуну боюнча ачык дискуссия уюштурулду. ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери талкууга абдан активдүү катышып, алынган маалыматтарды өздөрүнүн келечектеги кесиптик (педагогикалык) ишмердүүлүгүндө жана инсандык өсүүсүндө колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Сабак коюлган максаттарына толук жетти.