1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

25

ФМББ(М)-1-25 ТАЙПАСЫНДАГЫ ТАРБИЯЛЫК ИШ-ЧАРА

2026-жылдын 20-майында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова тарабынан ФМББ(М)-1-25 тайпасынын студенттеринин арасында алардын жеке өнүгүү баалуулуктарын түшүнүүсүн ишке ашырууга багытталган өзүнчө лекциялык сабак уюштурулду. Бул иш-чара окутуучунун индивидуалдык планынын “Коомдук-тарбиялык иштер” бөлүмүндөгү тапшырмаларды аткаруу алкагында ишке ашырылды. Лекциянын жүрүшүндө биосфералык экосистемалык механизмдер планетадагы балансты сактап, жашоого ылайыктуу чөйрөнү түзүп жатканы, андыктан «Жашоого шарт түзүп берген – Жашоо!» деген принцип негизги орунда турушу керектиги айтылды. Бул контекстте Кыргызстандын экосистемаларынын аймактык (региондук) туруктуулукту сактоодогу өзгөчө ролу мисалга келтирилди. Муну менен бирге, БУУнун Париж келишиминен келип чыккан милдеттенмелери жана адам капиталын өнүктүрүүнүн негизги булагы болгон сапаттуу билим берүү (4-ТӨМ) маселеси ортого салынды. Азыркы маалымат коомунда даяр көрсөтмөлөрдү так аткаруу гана жетишсиз экени, студенттерде уюштуруучулук жөндөмдү, оптимизмди жана ийкемдүүлүктү өнүктүрүү зарылдыгы каралды. Сабактын алкагында студенттерге атайын тема боюнча маалыматтык видеоролик көрсөтүлүп, андан соң кызуу дискуссия уюштурулду. ФМББ(М)-1-25 тайпасынын студенттери туруктуу өнүгүүнүн принциптерин өздөрүнүн жеке баалуулуктары аркылуу карап, глобалдык маселелерге карата өздөрүнүн жарандык жана кесиптик көз караштарын жигердүү билдиришти. Иш-чара жогорку деңгээлде жана уюшкандыкта өттү.