1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 20-майында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын илимий-изилдөөчүлүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду. Иш-чараны практика боюнча жооптуу уюштуруучу, кафедранын доценттин милдетин аткаруучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова жетектеди. Конференциянын алкагында ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттары өздөрүнүн илимий-изилдөө иштеринин багыттары боюнча (маалыматтарды статистикалык талдоо, контролдук жана эксперименталдык топторду салыштыруу, методикалык сунуштар, текстти системалаштыруу, илимий апробация жана тариздөө маселелерин камтыган) 5 мүнөттүк кыскача баяндамаларды жасашты. Студенттер өздөрүнүн диссертациялык иштеринин негизги өзөгүн түзгөн заманбап математикалык маселелерди жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды ортого салышты. Иш-чаранын соңунда магистранттар аткарылган иштер боюнча толук илимий отчетторун, күндөлүктөрүн жана тиешелүү материалдарын жооптуу жетекчилерге ийгиликтүү тапшырышты. Профессордук-окутуучулар курамы тарабынан суроо-жооптор уюштурулуп, практиканын жыйынтыгы жогорку деңгээлде бааланды. Иш-чара өз максатына толук жетти.