1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

30

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эркинбек кызы Жумакан тарабынан адаптациялык-педагогикалык практикасынан сырткаркы учурда Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда жумуш ордунда окутууга карата ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттерине “Окутуунун ар кандай методдору, каражаттары колдонулган сабактарга, класстан тышкаркы иш-чараларга катышуу жана талдоо жүргүзүүгө методикалык жардам берүү” деген темада практикалык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча иштер аткарылып, студенттерге методикалык кеңештер берилди: Окутуунун методдорун талдоо: Сабакта колдонулган методдордун максатка канчалык ылайыктуу экенин аныктоо жана аларды туура тандап алуу жолдору каралды. Көрсөтмө куралдар жана техникалык каражаттар: Көрсөтмө куралдардын жана техникалык каражаттардын сабактын сапатына тийгизген таасири. Класстан тышкаркы иш-чаралар: Класстан тышкаркы иш-чаралардын тарбиялык маңызына талдоо жүргүзүлүп, иш-чаранын окутуучулук жана тарбиялоочулук функцияларынын өз ара байланышын көрө билүү маселелери түшүндүрүлдү. Сабакка баа берүү: Студенттерде өтүлгөн сабактарга системалуу жана кесипкөй деңгээлде баа берүү көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул иш-чара келечектеги мугалимдердин сабакка методикалык жактан туура талдоо жүргүзүүсүнө, заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуусуна жана педагогикалык чеберчилигин арттырууга чоң өбөлгө түзөт.