1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

АЧЫК САБАКТАР ГРАФИКТИН НЕГИЗИНДЕ УЛАНУУДА

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында профессордук-окутуучулук курамдын ачык сабактары графикке ылайык өткөрүлүүдө. Аталган кафедранын окутуучусу Сыдыкова Бактыгуль Базарбаевна М-1-25 тайпасына «Жумшак көндүмдөр» дисциплинасы боюнча «Кыргыз элинин меймандостук салты жана кызмат көрсөтүү маданияты» темасында ачык сабак өттү. Сабак практикалык мүнөздө болгондуктан, студенттер ролдук оюндарды аткарышып, кыргыз элинин меймандостук салттарын чагылдырышты. Ошондой эле студенттер менен биргеликте практикалык иштер жүргүзүлдү. Жалпысынан алганда, ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, окутуучу өзүнүн методикалык даярдыгын, чыгармачыл мамилесин жана кесипкөйлүгүн көрсөтө алды.