1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

35

ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕРДИ САКТООНУН МААНИСИ

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын биринчи курсунун студенттери үчүн «Көөнө тарых сырлары» темасында тарбиялык саат өткөрүлдү. Тарыхый эстеликтер — элдин өткөн тарыхын чагылдырган баа жеткис мурас. Алар улуттук маданиятты, тарыхты жана мамлекеттүүлүктү изилдөөдө чоң мааниге ээ. Тарыхый эстеликтер улуттук аң-сезимди калыптандырып, мекенчилдик сезимди күчөтүп, жаштарды тарбиялоодо жана туризмди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бирок бүгүнкү күндө айрым эстеликтер табигый кырсыктардын жана адамдардын кайдыгер мамилесинин кесепетинен бузулуу коркунучуна кабылып жатат. Ошондуктан тарыхый жайларды коргоо, мыйзамсыз казууларга каршы күрөшүү жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө маанилүү. Кыргызстандын тарыхый-археологиялык мурастары — улуттук сыймыгыбыз жана руханий байлыгыбыз. Тарыхый эстеликтерди сактоо — ар бир жарандын милдети. Өз тарыхын билген, маданиятын урматтаган эл гана күчтүү мамлекетти кура алат.