1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

28

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ 

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Бекназарова М.К. тарабынан Манас шаарындагы №18 “Манас-1000” атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттерине Мектептин иш кагаздарынын (класстык журнал, окуучулардын өздүк делолору, күндөлүктөрү, дептерлери) толтурулушун талдоого көмөк көрсөтүү боюнча жумуш ордунда окутуу боюнча практикалык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер мектептин иш кагаздары менен иштөө тартиби боюнча кеңири маалымат алышты. Тактап айтканда, класстык журналдарды, окуучулардын өздүк делолорун, күндөлүктөрдү жана дептерлерди толтуруунун өзгөчөлүктөрү талданып, аларды туура жүргүзүү боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле окуучулардын өздүк делолору менен иштөө, окуучунун социалдык-педагогикалык портретин түзүү, мектеп–окуучу–ата-эне ортосундагы өз ара байланыштарды байкоо маселелерине көңүл бурулду. Студенттер иш дептерлери аркылуу окуучулардын математикалык сабаттуулугун аныктоо жана мугалимдин текшерүү иштерин жүргүзүү процесси менен таанышышты. Практиканын алкагында класстык журналдарды (электрондук жана кагаз түрүндө) талдоо иштери жүргүзүлүп, студенттерге билим берүү мекемесиндеги документ жүргүзүүнүн мааниси түшүндүрүлдү. Мындай практикалык сабактар келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана мектеп чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна чоң өбөлгө түзөт.